Кытайдагы жер титирөөдөн 47дей үй кыйрап, 6 адам жаракат алды

Кытайдын түндүк-батышында күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, алты адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалым болгондой, жер титирөө Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда катталган. Бир нече сааттын ичинде сейсмологдор максималдуу күчү 5,3 баллга жеткен 43 жер титирөөнү катташкан. 47 үй толугу менен талкаланып, дагы 78 үй жабыркаган.

Жабыркаган аймактарга өрт өчүргүчтөр, медициналык жана башка тез жардам кызматтары – жалпысынан миңден ашык адам жөнөтүлдү.