Кытайдагы сел: 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз болуп жатат (видео)

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында нөшөрлөп жааган жамгыр өлкөнүн эң жыш жайгашкан бөлүгүндөгү 110 миң жашоочуну эвакуациялоого мажбурлады. Бул тууралуу Associated Press жазды.

22-апрелге карата төрт адам каза болуп, дагы 10 адам дайынсыз жоголгон. Маалыматка караганда, 36 үй урап, 48и олуттуу жабыркаган. Бүгүнкү күнгө чейин селдин жалпы зыяны 140 миллион юандан (19 миллион АКШ доллары) ашат деп бааланууда.