Кытайда 140 жыл мурун болгон суу ташкын кайталанып, 102 адам жаракат алды

Кытайдын Гонконг шаарында жаандан улам болуп көрбөгөндөй суу ташкындап, шаар ичин сел каптады. Бир сутканын ичинде айрым райондордо 158 миллиметрден ашык жаан жааганын Кытай ЖМКлары жазышты.

Мындай катуу жаан 140 жыл мурун катталганы маалымдалууда. Суу ташкынын кесепетинен 102 адам жаракат алып, алардын төртөө оор абалда. Гонконгдогу «Саола» тайфунунан улам мектептер жана ишканалар жабылып, жүздөгөн авиакаттамдар токтотулган. Жолдордо жана метро станцияларда суу толуп жүрүүгө кооптуу абал жаралган.