Кытайдын жаңы тышкы иштер министри дайындалды. Буга чейинкиси 10 жыл иштеген

Кытайдын жаңы тышкы иштер министри Цинь Ган 1-январда АКШнын мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу кытай басылмалары жазышты.

Цинь Ган 2021-жылдын июль айынан тартып Кытайдын АКШдагы элчиси болуп турган. Ал 2013-жылдан бери Кытайдын тышкы иштер министри кызматын аркалаган Ван Инин ордуна дайындалды.