Кытайдын космостук аппараты Марска ийгиликтүү конду (видео)

Кытайдын «Тяньвэнь-1» космостук аппараты бүгүн, 15-майда Марска ийгиликтүү конду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Кытайдын Марсты изилдөө боюнча алгачкы миссиясынын алкагында «Тяньвэнь-1» аппараты 15-май күнү Утопия түздүгүнүн аймагына конгон. Кытайлык «Тяньвэнь-1» космостук аппараты Марстын орбитасына 10-февралда чыккан, бирок ал космоско былтыркы жылдын 23-июлунда учурулганы маалымдалган. Ал эми үстүбүздөгү айда космостук аппарат жердин катмарын изилдеп, химиялык анализ алып, биомолекула, биосигнатураларды алыш үчүн марсоход жиберилген.

Кытай Советтер Союзу менен АКШдан кийин Кызыл планетаны изилдөө үчүн өз аппаратын кондурган үчүнчү өлкө болуп калды. СССРдин «Марс 3» аппараты бул планетага 1971-жылдын декабрь айында конгон. Ал эми Американын Viking-1 жана Viking-2 аппараттары Марска 1976-жылы барышкан.