Кытайдын LiXiang унаасы арбактарды да көрсөтөбү? (видео)

«Кытайдын LiXiang кроссоверлери өлгөндөрдү да көрсөтөт» деген видео тарады. Бул тууралуу «Россия не Москва» жазды. 

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда көрүстөндүн жанынан айдап бара жатып, мультимедиялык экранда адамдарды көрсөтүп жатканы тартылган видео тарады. «Сыягы, система мүрзөдөгү сүрөттөрдү жол боюндагы тирүү адамдар катары аныктайт болушу керек»,- деп жазылат маалыматта.

Tesla ээлери буга чейин ушундай мүчүлүштүк тууралуу арызданышкан.