Кытайдын мурдагы башчысы Цзян Цзэминь 93 жашында каза болду

Кытайдын мурдагы башчысы Цзян Цземинь 96 жашында каза болгонун Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Цзэминь 1993-2003-жылдары мамлекет башчысы болгон.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, ал лейкоз оорусу менен жабыркап келген. Цзян Цзэминь бүгүн, 30-ноябрда Шанхайда каза болду.

Ал 1926-жылы 17-августта Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында туулган. 1989-жылдын июнь айынан 2002-жылдын ноябрына чейин Борбордук Комитетинин Генералдык катчысы болуп иштеген. 1993-2003-жылдары Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп иштеген.