Кытайдын окумуштуулары жаңы коронавирусту аныкташты. Ал дүйнөнү бүт каптаган коронавируска окшош

Кытайдын окумуштуулары NeoCoV деген аталыштагы жаңы коронавирусту аныкташты. Ал дүйнөнү бүт каптаган SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирусу менен жалпы өзгөчөлүктөргө ээ. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

NeoCoV деген аталыштагы жаңы коронавирус Түштүк Африка Республикасындагы жарганаттардан табылган. Окумуштуулардын айтымында, ал мутация болуп кетүү жөндөмүнө ээ жана анын жыйынтыгында жаныбарлардын эле эмес, адамдын да клеткаларына кирип кетиши ыктымал. Жаңы коронавирус менен SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирустун клеткаларга өтүү кетүү механизмдери окшош. «Вирусту дагы тыкыр байкоого алуу керек. Анын табияты жетиштүү деңгээлде изилденип бүтө элек», — дешет окумуштуулар.

NeoCoV деген аталыштагы жаңы коронавирусту аныктаган кытай окумуштуулары Ухань шаарындагы университетте эмгектенишет. Аталган шаарда 2019-жылдын декабрь айында SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирусту алгачкы жуктуруп алган адамдар катталган. 2020-жылдын март айында Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм бүт дүйнөдө COVID-19 пандемиясын жарыялаган.