Кытайдын түштүгүндө ылдам жүрүүчү жүргүнчү поезд рельстен чыгып кеткен (видео)

Кытайдын түштүгүндөгү Гуйчжоу провинциясында жогорку ылдамдыктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд жарым-жартылай рельстен чыгып кетип, айдоочу каза болуп, 8 адам жаракат алганын Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан машинист, бир кондуктор жана жети жүргүнчү жабыркап, бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок айдоочу алган жараатынан улам каза болгон. Поезддеги калган 136 жүргүнчү аман-эсен эвакуацияланган Учурда өзгөчө кырдаал болгон жерде кырсыктын кесепеттерин жоюу, ошондой эле анын келип чыгуу себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.