Кытайлык аял канализацияга түшүп кеткен небересинин артынан саркынды сууга түшүп баланы куткарып калды (видео)

Кытайда эр жүрөк чоң эне канализацияга түшүп кеткен небересинин артынан ойлонбой түшүп, небересин сактап калган. Бул окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Видеодо көрүнүп тургандай, бала канализациянын капкагын ачып көрөм деп ичине түшүп кеткен. Артынан бараткан чоң энеси эч ойлонуусуз небересинин артынан канализацияга түшкөн. Окуяга кайдыгер карабаган жарандар дароо чуркап келишип, чоң энеси менен небересин аман алып калышкан.

Аталган видеону социалдык тармакка жүктөгөн жаран илгери канализация атайын капкак менен жабылып турганын, кийин гана аны жыгач капкак менен алмаштырып коюшканын айткан.