Кытайлык аял смартфонун 8 саат колдонбой, дээрлик 1,5 миң доллар утуп алды

Кытайлык аял смартфонун сегиз саат бою колдонбой ошону менен бирге тынчсыздануу белгилерин көрсөтпөй, дээрлик 1,5 миң доллар утуп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Кытайдагы соода борборлорунун биринде адаттан тыш сынак өттү. Катышуучулар тынчсызданбастан жана гаджеттерди колдонбостон 8 саат керебетке жатууга аргасыз болушкан. Жеңүүчү деп каржы компаниясынын менеджери табылды. Ал 10 миң юань (1,4 миң доллар) утуп алды.

Жалпысынан он адам ат салышты. Катышуу үчүн 100гө жакын арыз берилген, бирок баарына мүмкүнчүлүк берилген эмес. Сынак башталаар алдында катышуучулар бардык гаджеттерин тапшырган. Бирок, өзгөчө кырдаалдар үчүн (эгер алар кандайдыр бир себептерден улам жакындары менен тез арада байланышуу керек болсо) аларга чалуу функциясын гана бар эски телефон берилген. Катышуучулар сегиз саат төшөктө жатып, терең уйкуга кетпеши керек болчу. Аларга дааратканага аз убакытка гана кирүүгө уруксат берилген. Мелдештерге тамак-аш жана суусундуктар да берилди. Дагы бир шарт көрсөтүлгөн: катышуучулар тынчсыздануунун минималдуу белгилерин көрсөтүшү керек болчу. Тынчсыздануунун деңгээли атайын билериктердин жардамы менен текшерилген. 

Донг аттуу аял мүмкүн болгон 100 упайдан 88,99 упай алып жеңүүчү деп табылды. Мелдештин уюштуруучуларынын айтымында, Донг эң көп төшөктө жатып, катуу уйкуга кеткен эмес жана тынчсыздануунун эң төмөнкү деңгээлин көрсөткөн.