«Кыямат келдиби?». Кытайда асман кыпкызыл түскө боёлуп, элди дүрбөлөңгө түшүрдү

Кытайдын Чжоушань провинциясында асман кызыл түскө боёлуп, шаар тургундарынын жүрөк үшүн алды. Таң калычтуу кубулушка күбө болгондор сүрөт, видеого тартып, «кызыл асман» кытайлык социалдык тармактарда негизги темага айланды. Айрымдар кыямат башталдыбы деп дүрбөлөңгө да түшүшкөн.

Жергиликтүү метеобюронун берген маалыматына ылайык, ал күнү туман каптап, жамгыр себелеп турган. Мындай кубулушка жарык менен порттогу кемелердин түстөрүнүн чагылышып, асманды кызыл түскө боёлгонуна себеп болгон.