Кечээ, 26-июнда Сеул шаарынын соту өнөктөшүнүн смартфонундагы маалыматты кароо үчүн жашыруун түрдө сыр сөздү жазып кирүү кылмыш жообуна тартылууга алып келиши мүмкүн деген чечим чыгарды.
2020-жылы декабрь айында кыз жигитинин смартфонун сыр сөзүн жашыруун түрдө жазып караган. Ал бул кадамын телефондон жигитинин мурдагы сүйлөшкөн кызынын номери менен видеосун алуу үчүн жасаганын айтып түшүндүргөн. Соттук териштирүүдө жигит кызга өзү телефонундагы сыр сөзүн бергенин, бирок ал сыр сөздү экөөнүн мамилесиндеги кыйынчылыктан улам ишенимди кайтаруу максатында бергенин гана айткан.
Сот кыздын аракети жигиттин ниетин бузганын жана жашыруун түрдө сыр сөздү жазып жигитинин смартфонунан тыюу салынган маалыматты алышы мыйзам бузуу болуп саналат деп чечти. Бул чечим менен соттолуучу 230 доллардын тегерегиндеги айып пулду төлөөгө милдеттендирилди.