Кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча Азия чемпиону Гүзал Исматова 25 жашында көз жумду

Өзбекстанда кечээ, 22-февралда кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча Азия чемпиону Гүзал Исматова онкологиялык оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу Өзбекстандын Бокс федерациясынан билдиришти.

Кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча Азия чемпиону жана Өзбекстандын көп жолку чемпиону Гүзал Исматова өмүрүнүн акыркы жылдары ооруга байланыштуу мелдештерге катыша албай келген.

Спортчу 81 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашчу. 2013-жылы облустук чемпионатта 1-орунга ээ болуп, 2014-жылы Өзбекстандын чемпиону аталган.

2017-жылы Азия чемпионатына катышып, вьетнамдык спортчуну жеңип Азия чемпиону болгон.