Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz.
Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына караганда, Роман Старовойт Москва облусунун Одинцово шаарында өзүн атып салган.
Кийинчерээк Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов RTVI басылмасына Старовойттун өз жанын кыйганы тууралуу маалыматты тастыктаган.
7-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Старовойтту транспорт министри кызматынан бошоткон. Бул авиация тармагындагы кырдаалдын фонунда болгон. Орусияда бир нече күндүн ичинде 485 рейс токтотулуп, 2 миңдей каттам кармалып калган.