«Кызы бийиктен секирген». Мексикада жубайлар аба шарында тирүүлөй күйүп кеткен (видео)

Мексикада жубайлар аба шарында тирүүлөй күйүп кеткен. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Каргашалуу кадрлар Мексиканын Мехико штатында жайгашкан Теотихуакан археологиялык зонасында тартылган. Шардын учуусунан эки адам каза болуп, кыз жабыркаган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, жубайлар каза болгон. Ал эми жабыркаган кыз алардын кызы. Өрт жайыла баштаганда ал бийиктиктен секирген. Кыз азыр ооруканада. Өрт күйүүчү майдын агып кетишинен чыккан деп болжолдонууда. Кадрлардан куткаруучу жип ыргытылганын, бирок жалын ага да жайылып кеткенин көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, бул археологиялык аймактагы пирамидалардын үстүнөн учуу туристтер арасында эң популярдуу оюн-зооктун бири. Дем алыш күндөрү, эртең менен, бир эле учурда бир нече ондогон шарлар учурулушу мүмкүн.