«Кызын муунтуп өлтүргөн». Алматыда келин аттракциондон боюн таштады

Алматынын борбордук эс алуу багында аттракциондон секирген келин өз жанын кыйганга чейин үйүндө кызын муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Алматы облусунун ички иштер башкармалыгы кыздын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктады. «Жашы жете элек баланын өлүмү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар ачыкка чыгарылбайт», — деп билдиришти полициядан.

Ошондой эле каза болгон келин Алматы облусунун Иле районунда жашаганы маалымдалган. 24-июнда Алматыда аял киши аттракциондон кулап түшкөн. Окуяга күбө болгондор социалдык тармактарда видео жарыялашкан. Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти жабырлануучу Тез жардам кызматы барганга чейин каза болгонун билдирген.