Кызынын колун кармап үзүлгөн эненин сүрөтү көпчүлүктү кайгыга салды

Кызынын колун кармап, анын жанында жатып коронавирустан каза болгон эненин сүрөтү интернетте талкуу жаратууда.

Улуу Британияда 76 жаштагы Мария Рико аттуу аял эки кызы менен коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканага жатып калышкан. Аял ичер суусу аз калганда кислород менен камсыз кылган маскасын чечип, кыздары менен сүйлөшүп алгысы келгенин айткан. Ал масканы чечүү өлүмүн жакындатарына карабай, врачтарга ажалдан коркпой турганын билдирген.

Кызынын айтымында, апасы масканы чечкенден кийин орточо жарым сааттан кийин жарык дүйнө менен коштошкон. “Ал мага күрөш деди, үйдө балдарың күтүп жатат деди. Биз анын колун акыркы деми чыккыча кармап турдук”, — деген кызы.