«Кызынын көз алдында манжаларын кесип». Өзбекстанда кошунасына таарынган адам аны өлтүрүп салган

Өзбекстандын Наманган шаарында жаран кошуна аялды канжар менен өлтүрдү. Алгач аялдын курсагына сайып, кийин эки манжасын кесип салган. Мыкаачылык менен өлтүрүү маркумдун жашы жете элек кызынын көз алдында болгонун uznews.uz сайты жазды.

Олвализор махалласынын 31 жаштагы тургуну менен анын 48 жаштагы кошунасынын ортосундагы алгачкы жаңжал 12-июнда болгон. Ошол күнү алардын ортосунда чыр чыгып, жаран кошунасына темир менен кол салууга аракет кылган. Аны окуянын күбөлөрү токтотуп калган.

Кол салуу аракетинен кийин аял укук коргоо органдарына кайрылган. Тартип бузган адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Бир нече күндөн кийин анын ачуусу кармап, эгизи менен кошунасынын үйүнө барат. Эркектер өздөрү менен кошо канжар менен бычак алышкан.

Аял үйдөн чыгары менен ага кол салышып, ичине бир нече жолу сайып, андан соң эки колунун манжаларын канжар менен кесип салган. Киши өлтүрүү 48 жаштагы өзбекстандык аялдын жашы жете элек кызынын көз алдында болгон. Аял алган жараатынан улам каза болгон.

Кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.