Лайфхак. Австралиялык киши ашкабактан кайык жасап, дарыяда сүздү

Австралияда ашкабактан кеме жасап алган киши дарыяда 1 чакырымдай сүзгөн. Бул тууралуу Shot жазды.

Маалыматка караганда, салмагы 407 килограмм болгон ашкабакты анын досу өстүргөн. Ал аны Тормунд деп атап, сынакка алып барып, 1-орун алган. Ал бул ашкабакты үйдөгү жаныбарларга берейин деп келе жатканда Адам Фаркухарсон сурап алган.

Ал ашкабактан кеме жасап, дарыяда сүзгөн. Ал муну менен жергиликтүүлөрдүн көңүлүн көтөргүсү келгенин айткан.