«Ласковый май» тобунун негиздөөчүсү «Белые розы» хитинин автору Сергей Кузнецов каза болду

Туулуп-өскөн Оренбургда «Ласковый май» тобунун негиздөөчүсү Сергей Кузнецов каза болду. Ал өзүнүн досу жана окуучусу Юрий Шатунов каза болгон соң төрт айдан кийин каза болду.

Композитор оору менен узакка созулган күрөштөн кийин туулган жери Оренбургда каза болгон. Кышында ал 59 жашка чыкмак. 

Кузнецов «Ласковый май» тобунун негиздөөчүсү катары белгилүү. «Розовый вечер», «Седая ночь», «Белые розы» ырларын жараткан, бирок топтон кеткенден кийин Сергей Кузнецов Андрей Разин менен уруша баштаган. Продюсер жана композитор ырлардын укугу кимге таандык экенин аныктоо үчүн көп жылдар бою тартышып жүрүшкөн.