АКШда легендарлуу боксчу Мухаммед Алинин чемпиондук куру сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Курду америкалык футбол клубунун жетекчиси Джим Ирсей 6 миллион долларга сатып алган. Ал курду Мухаммед Али Жордж Форман менен беттеште утуп алган.
Буга чейин чемпиондук кур 2016-жылы 358 миң 500 долларга сатылганы маалым.
Эскерте кетсек, Мухаммед Али 2016-жылы 74 жаш курагында каза болгон. Ал 61 беттештин 56сында утушка ээ болгон.










