Легендарлуу футболчу Пеле көз жумду

Легендарлуу футболчу Пеле көз жумду. Бул тууралуу Дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Ал бир канча жылдан бери залалдуу шишик дарты менен күрөшүп келген. Буга чейин анын абалы начарлаганы айтылып, Бразилиядагы «Сантос» клубу Пелени акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүүнү баштаган.

Интернетке тараган сүрөттөргө караганда, клубдун стадионуна чоң чатыр орнотулуп, анын ичине алтын табыт жашырылган. Дарыгерлер Пеленин туугандарына ооруканага келип, аны менен коштошуп кетүүгө чакырышкан.

Октябрь айында Пеле 82 жашка чыккан. Ал үч жолку (1958, 1962, 1970-жылы) Дүйнө чемпиону.