Лионель Месси Испаниянын «Барселона» футболдук клубунан кетти. Бул тууралуу команданын басма сөз кызматы жазды.
Анын «Барселона» менен болгон келишими 30-июнда аяктаган. Клуб финансылык жөнгө салынган Испания чемпионатынын регламентине байланыштуу 34 жаштагы футболчу менен жаңы келишим түзгөн эмес. Эгер клубдун чыгымы кирешеден ашып кетсе, лига келишим түзбөйт. «Эки тарап тең оюнчунун жана клубдун каалоолору аткарылбай жатканына абдан өкүнүшөт», — деп айтылат билдирүүдө.











