Лионель Месси Франциянын «ПСЖ» клубунда ойнойт. Келишим түзүлдү

«Пари Сен-Жермен» Лионель Мессини расмий түрдө тааныштырды. Аргентиналык футболчу Франциянын «ПСЖ» клубу менен келишим түздү.

34 жаштагы футболчу менен түзүлгөн келишим эки жылга түзүлүп, дагы бир сезонго узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Аргентиналык чабуулчу «ПСЖда» 30-номур менен ойнойт.

Эске салсак, 5-августта Месси 2004-жылдан бери ойногон «Барселона»  финансылык эрежелерине байланыштуу аргентиналык менен жаңы келишим түзүлбөй турганын жарыялаган.