Литвада чиновниктерге айлык акыны каз түрүндө берүү каралууда

Литвада чиновниктерге айлык акынын бир бөлүгүн каз түрүндө төлөө сунушталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган сунушту өлкөнүн айыл иштери боюнча комитетинин отурумунда Литванын мурдагы айыл чарба министри, депутат Гедриус ​​Сурплис киргизген. Ал мындай сунушун акыркы учурда пандемиядан улам иши жакшы жүрбөй жаткан канаттуу өстүргөн ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо иретинде киргизгенин айткан. Жергиликтүү ишкерлерди колдоо бийликтен гана эмес, элден дагы көз каранды экендигин да кошумчалаган.

Ошондой эле депутат мындай тажрыйба буга чейин республиканын тарыхында болгонун айткан. Ал Литванын ошол кездеги президенти Антанас Сметонанын башкаруу мезгилинде — мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар маянасынын бир бөлүгүн каз түрүндө алганын мисал кылган.