«Орусия канчалык аракет кылбасын, Караляучюс эч качан Калининград болбойт», – деди Литванын президенти Гитанас Науседа.
Ал бул пикирин Калининграддагы Кристионас Донелайтис деп аталган мемориалдык музейдин аталышын Орус бийлигинин «Таза көлмөлөр» деп өзгөртүү аракетине карата билдирди. Донелайтис Литванын белгилүү акыны.
Науседанын айтымында, Калининград тарыхый жактан Литванын шаары, ал тиешелүү аталышка ээ болушу керек. Буга чейин Эстония бийлиги Калининградды Кёнигсберг (эски аталышы) деп өзгөртүү маселесин көтөргөн.
Литванын Кёнигсберг бөлүгү 1945-жылы СССРге берилген. Ал эми 1946-жылдын 4-июлунда Кёнигсберг Калининград деп аталган.