Ливан толугу менен электр энергиясыз калды

Ливан толугу менен электр энергиясыз калды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жергиликтүү басылмаларга таянып жазышты.

Аталган өлкөдө эки чоң электр станциясы дизель майынын запасы түгөнгөнү үчүн иштебей калып, учурда компаниялар керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракет кылышууда. Ливандын LBC телеканалы «Ливанды толугу менен караңгылык каптады» деген маалыматты таратты.

Буга чейин март айында да энергетикалык компаниялар күйүүчү май сатып алууга акчасы жок болгондуктан, станциялардын иши бир канча күнгө токтоп турган. Анда маселе мамлекеттик бюджеттен резервдик каражат бөлүнгөн соң чечилген. Жай мезгилинде дагы электр станцияларынын иши үзгүлтүккө учураган. Анда үйлөргө суткасына 1-2 сааттан электр энергисы берилип турган. Күйүүчү майдын тартыштыгынан чакан генераторлордун кожоюндары да иштерин токтоткон.

Жакынкы Чыгышта жайгашкан Ливанда 6 миллиондон ашуун калк жашайт.