Ливия: каза болгондордун саны 11 миңден ашып, жансыз денелер жээкке чыгып жатат (видео)

Ливиянын Дерна шаарында селден каза болгондордун саны 11,3 миң адамга жетти, 20 миңден ашууну дайынсыз болууда. Бул сандар акыркысы эместигин Еuronews жазды.

Шаардын мэри кыйраган имараттарга таянып, 20 миңден ашуун адам кырсыктын курмандыгы болушу мүмкүн деп болжолдоодо. Селден жабыркагандардын арасында ливиялыктардан тышкары Судан менен Египеттен келген ондогон мигранттардын сөөгү да табылган.

Бороон-чапкын Ливиянын жээгине Жер Ортолук деңизинен келип, ал нөшөр жаан жана күн күркүрөө менен коштолгон. Өзгөчө Дерна шаары жабыркап, анда эки дамба талкаланган. Кесепетинен бүт аймактар ​​суу алдында калып, жергиликтүү тургундарды агым Жер Ортолук деңизге агызып кеткен. Селден каза болгондордун жансыз денеси дагы эле жээкке чыгып жатат.