Ливия: каза болгондордун саны 5300дөн ашып, 7 миңдей адам дайынсыз

Ливиянын чыгышындагы Дерна шаарында селдин кесепетинен каза болгондордун саны 5300дөн ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ливиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Мохаммед Абу Лумуша: «Учурда Дэниел бороон-чапкытынын кесепетинен Дерна шаарында каза болгондордун саны 5300дөн ашты. Дайынсыз жоголгондордун саны 7 миңдей», — деди.