Лондондо эмдөөгө каршы акция учурунда төрт полиция кызматкери жараат алды (видео)

Лондондун борборунда эмдөөгө каршы нааразылык акциясында баш аламандык болуп, кеминде төрт полиция кызматкери жарадар болгонун Sky News жазып чыкты.

«Митингчилердин бир нечеси полицияга күч колдонду. Кагылышуу учурунда биздин төрт кызматкерибиз жабыркады. Биз окуя болгон жерде иштеп жатабыз», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Полиция митингчилердин көбү Түштүк Кенсингтон аймагына чогулганын билдирди. Буга чейин алар дары-дармектер жана саламаттыкты сактоо продуктуларын жөнгө салуу штабына кирүүгө аракет кылышкан. Улуу Британия акыркы 24 саатта өлкөдө 42 миңден ашуун жаран коронавируска чалдыкканын билдирди.