Лондондо Карл III такка отуруп, таажы кийди (видео)

Лондондо британ падышасы Чарльз III таажы кийген азем болуп өттү. Мындай жөрөлгө акыркы 70 жылдан бери өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Аземге 2000 конок чакырылган, алардын 100гө жакыны мамлекет башчылары. 

Бул иш-чара Елизавета II каза болгондон сегиз ай өткөндөн кийин болуп өттү. Карл III 360 жылдан ашкан атактуу ыйык Эдуард таажысын кийген. Ал 22 карат алтындан жана 444 асыл жана жарым асыл таштардан, анын ичинде 345 аквамаринден, 37 ак топаздан, 27 турмалинден жана 12 рубинден жасалган.

Аземдин бардык чыгымдарын Британия өкмөтү көтөргөн. Азырынча канча акча сарпталганы айтыла элек.