Лос-Анжелесте кайрадан өрт башталып, жайылып жатат (видео)

Лос-Анжелестеги Кастаик көлүнүн жанынан чыккан өрт тез жайылып, аймакта жайгашкан өзөктүк станцияга коркунуч жаратууда. Бул жөнүндө Daily Mail жазды.

Маалыматтарга ылайык, Лос-Анжелес округунун Кастаик көлүнүн аймагындагы өрт кечээ, 22-январда башталып, 1378 гектар токой күйгөн. Аталган аймакта калкты эвакуациялоо башталды. Эвакуациялануучу адамдардын саны көрсөтүлгөн эмес. Кастаикте болжол менен 18 миң 600 адам жашайт. АКШнын токой кызматынын маалыматы боюнча, өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге барып, Сан-Габриэль тоолорундагы 283 миң гектар аянтты ээлеген улуттук паркты коноктор үчүн жабышты.

Вашингтондун Борбордук Пирс округунун токой өрттөрү боюнча координаторунун айтымында, өрт дээрлик көзөмөлдөн чыгып жатат. Лос-Анжелестин мэри Карен Басс өрттөн тазалоо иштерин тездетүү жана өрткө байланыштуу булгоочу заттардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу боюнча буйрук чыгарды. Жаңы кызматка киришкен АКШнын президенти Дональд Трамп маалымат жыйында «Лос-Анжелесте чоң көлөмдөгү суу бар» деген.