Калифорниядагы токой өртүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 5 адамга жетти. АКШнын президенти Жо Байден штатта өзгөчө кырдаал жарыялаганын Би-Би-Си билдирди.
Маалыматка караганда, өрт өчүрүлө элек, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Кырдаалды катуу шамал жана кургак аба ырайы курчутуп жатат.
Мындан Палисейдс району катуу жапа чекти, өрт 2 миң гектардан ашык жерди чулгаган. Итон-Файр аймагында да 10 миң гектардан ашык жер өрттөнүп, 13 миң имаратка коркунуч жаратууда.