Лос-Анжелести токой өртү каптап, 30 миңдей адам эвакуацияланды (сүрөт)

Калифорниянын бийлиги Лос-Анжелестин батышындагы кээ бир аймактарды каптаган токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялаганын CNN билдирди.

Палисейдс аймагындагы эвакуация зонасында 30 миңдей адам жашайт. Маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 10 миңден ашуун үй жана 13 миң имарат коркунучта экенин билдиришти. Токой өртүнүн аянты 2900 акрдан (1173 гектар) ашты.

Өрт электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келди. PowerOutage.US агенттигинин маалыматына караганда, аймактагы дээрлик 17 миң адам электр жарыгысыз калган. Өрт кургак аба ырайынан жана шамалдан улам күчөп жатат.