Лукашенко бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты 

1994-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Беларустун президенти Александр Лукашенко бийликти жаңы муунга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Логойск шаарындагы ибадатканада Рождество кызматы учурунда билдиргенин БелТА жарыялады.

«Мен бийликке, кызматка жабышпайм. Бул бийликти жаңы муунга тынч өткөрүп берүү үчүн бардыгын жасайм. Өзүм жаңы бийликтин тушунда жашап, балдар кандай жашарын көргүм келет», — деди Лукашенко.

Лукашенко Беларустун эгемендүү тарыхындагы жалгыз президент. 2020-жылы анын өкмөтү президенттик шайлоодогу бурмалоолордон улам чыккан массалык нааразычылыктарды токтоткон эле. 2025-жылдын 26-январында өлкөдө кезектеги шайлоо болот. Эгер бул шайлоодо Лукашенко ат салышса, ал жетинчи мөөнөткө барат жана анын башкаруусу 2030-жылга чейин узарат.