Лукашенко ооруп жатканы тууралуу маалымат тарагандан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты

Беларуста биринчи жолу президент Александр Лукашенконун ооруп жатканы тууралуу маалыматтардан кийин видеосу тарады. Кадрларда анын сол колу таңылганын көрүүгө болот.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Лукашенко «Аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуу күчтөрүнүн борбордук командалык пунктунда иштейт, абадан коргонуу боюнча күжүрмөн нөөмөт милдеттерин уюштуруу жана аткаруу боюнча отчетту угат».

Лукашенко акыркы жолу 9-майда эл алдына чыккан. Ал бир нече күн эл алдына чыкпай калгандан кийин ден соолугуна байланыштуу кептер тараган.