Лукашенко орус-украин сүйлөшүүлөрүн Минскте өткөрүүнү сунуштады

Беларусь президенти Александр Лукашенко орус-украин сүйлөшүүлөрүн Минскте өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Meduza жазды.

Лукашенко ошондой эле Луганск менен Донецкти таануу жөнүндө: «Бизде бул маселе күн тартибинде бар жана жакынкы келечекте биз өзүбүзгө жана Орусияга керектүү нерсени жасайбыз», — деди.

Беларусь өзүн өзү республика деп жарыялаган жогорудагы аймактардын көз карандысыздыгын расмий тааный элек.