Лукашенко Путиндин макулдугу менен Пригожин менен сүйлөшүп, андан кийин «Вагнер» кыймылын токтотту

Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путиндин макулдугу менен ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу Беларустун президентинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөр кечээ, 24-июнда күн бою жүргөн. Анын жыйынтыгында Орусиянын аймагында кандуу кыргынга жол бербөө тууралуу макулдашууга келишкен. Пригожин Лукашенконун ЧВК «Вагнердин» Орусиянын аймагындагы колоннасынын кыймылын токтотуу тууралуу сунушун кабыл алганы маалымдалды.