Лукашенко Тажикстанга аскердик техника берүүнү сунуштады

Кечээ, 10-январда ЖККУнун кезексиз жыйынында Беларустун президенти Александр Лукашенко Тажикстанга аскердик техника жана башка материалдык колдоо боюнча жардам берүүнү сунуштады.

«Соңку окуялар Казакстандын чек арасында аз эмес эл аралык террористтер чогулуп алганын көрсөттү. Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бир канча жолу Борбор Азияда террористтер менен экстремисттердин тобу түзүлүп жатканына байланыштуу тобокелчилик менен коркунучтарды айтып келген. Ал бир канча жылдан бери материалдык жардам, баарынан да аскердик техника берүүнү суранып келет. Кийин Казакстандагыдай болуп кымбатка түшүп калбасы үчүн биз муну аткарышыбыз керек. Ал жакка ири техниканы жеткирүүдө учактар 200дөй каттам менен учушту. Тажикстанда мындай болбошун каалайт элек. Ага азыр жардам берүү жакшы болмок», — деди Лукашенко.