Лукашенко Украина боюнча: «Жаңжал токтобосо, кан төгүү болот»

Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн дагы бир жолу Минскти сунуштады. Ал Беларуста өткөн лыжачылардын жана биатлончулардын республикалык мелдешинде эки өлкөнүн ортосундагы кырдаал тууралуу айтты.

Лукашенконун айтымында, азыр өлкөлөр ортосунда болуп жаткан окуялар согуш эмес, бирок эртең баары өзгөрүшү мүмкүн. «Чындыгында Киев курчоого алынган. Адамдар өлүп жатат. Кечээ Орусиянын президентинин позициясын уктуңар, ал мени менен ушул темада сүйлөштү. Мен «эшик ачык дедим», — деди Беларустун президенти. Лукашенко Орусия менен Украинанын ортосунда дагы эле жаңжал бар деп эсептейт. «Эгер жаңжал токтобосо, анда эртең согуш, анын эртеси маанисиз кан төгүү болот», — деди ал.