Александр Лукашенко расмий түрдө Беларустун президенттигине киришти. Бул тууралуу БелТА жазды.
Инаугурация аземинде ал ант берип, Эгемендүүлүк ордосунда ант берүү актысына кол койду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Игорь Карпенко Александр Лукашенкого Беларусь Республикасынын президентинин күбөлүгүн тапшырды.
Иш-чарага 1100дөн ашык конок чакырылган.