Люксембургдун ханзаадасы Фредерик сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен узакка созулган күрөштөн кийин 22 жашында каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, ал 1-мартта Парижде көз жумган. 28-февралда ал жакындары менен коштошкон. «28-февралда уулубуз өзүнүн бөлмөсүнө чакырып, акыркы жолу сүйлөшүүнү каалады. Ал бардык күчүн топтоп, үй-бүлө мүчөлөрү менен коштошту», — деди атасы.
14 жашында Фредерикке POLG гениндеги мутациялардан улам сейрек кездешүүчү митохондриялык оору деген диагноз коюлган. Ал бир нече органдарга, биринчи кезекте мээге, нервдерге, булчуңдарга жана боорго таасир этет.