Мадриддеги жарылуудан 3 адам көз жумду

Испаниянын Мадрид шаарында чиркөөнүн жанында жарылуу болду. Бул тууралуу дүйнөлук басылмалар жазып чыгышты.

Жарылуудан имараттардын бири урап түшкөн. Учурда карылар үйү жана мектеп жайгашкан аймак курчоого алынган. Маалыматка караганда, жарылууга газ себеп болушу мүмкүн. Бирок бийликтегилер бул тууралуу расмий билдирүү берише элек. Азыркы маалыматтар боюнча, жарылуудан 3 адам көз жумган жана 11 киши жаракат алган. Дагы 1 адамдын дайыны белгисиз болууда.