«Мага эч нерсе болгон жок». Түркияда 18 жаштагы кыз урандынын алдында 159 саат жатты (видео)

Түркиянын Антакьясында урандынын алдында 159 саат жаткан Асянур Өксүз аттуу кыз куткарылды. Бул тууралуу «ТРТ Хабер» жазып, видео менен бөлүштү.

Аны менен сүйлөшүү учурунда жаракат албаганын айтты. «Мага эч нерсе болгон жок, тик болгон боштукка түшүп калдым», — деди кыз.