«Мага жана менин туугандарыма тиешеси жок». Путин биринчи жолу укмуштуудай хансарай тууралуу үн катты

Орусиянын президенти Владимир Путин саясатчы Алексей Навальный жана анын командасы чыгарган иликтөөдөгү хансарай аныкы эмес экенин айтып, маалыматты четке какты. Путиндин айтымында, миңдеген адамдар көргөн видеодо айтылган иликтөөлөрдүн баары жалган. Бул тууралуу ал өлкөнүн студенттери менен болгон түз эфирде билдирди.

Президенттин айтымында, Навальныйга окшогондор ушактар менен элдин башын айлантып жатат. Ал аталган чуулгандуу тасманы көргөбөгөнүн кошумчалап, «менин бош убактым чектелүү» деп жооп берген.

19-январь күнү саясатчы Алексей Навальный жана анын командасы интернет айдыңына өлкө президенти Владимир Путинге таандык деп анын жашыруун байлыктары, мыйзамсыз иштери тууралуу иликтөө чыгарышкан эле. Тасма 6 күндө 85 миллион жолу көрүлгөн.