Майкл Жексон тууралуу тасмада башкы ролду ким аткарары белгилүү болду

Биографиялык тасмада легендарлуу музыкант Майкл Жексондун ролун анын агасынын баласы Жаафар Жексон ойнойт. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

26 жаштагы Жаафар музыкант жана The Jackson 5 тобунун мүчөсү Майклдын агасы Жермен Жексондун уулу. Ал өспүрүм кезинен бери музыка жана бий менен алектенип, 2019-жылы Got Me Singing аттуу дебюттук синглин тартуулаган. Жигит атактуу агасынын жолун жолдогон жана жакынкы аралыкта Жаафар он ырдан турган дебюттук альбомун коомчулукка тартуулай турганы маалым.

Майкл Жексондун ролун аткаруучу катары Жаафардын талапкерлигин Жексондун үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары колдошкон.