Майкл Жексонго таандык байпак 7,6 миң еврого сатылды

Майкл Жексонго таандык жалтырак байпак Франциядагы аукциондо сатылды. Лот 7 миң 688 еврого сатылганын South China Morning Post басылмасы жазды. 

Аукцион 30-июлда Ним шаарында, Interencheres платформасында өттү. Аукциончу Аурора Иллинин айтымында, байпак 1997-жылы жайында HIStory World Tour алкагында өткөн концерттен кийин техникалык кызматкер тарабынан Жексондун чечинүүчү бөлмөсүнө жакын жерден табылган.

Алгач артефакт 3000-4000 еврого бааланган. Бирок коллекционерлердин жана күйөрмандарынын кызыгуусунун артышы акыркы баанын болжолдонгондон дээрлик эки эсе жогору болушуна алып келди.