«Майкрософттун» негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска каршы эмдөө алды

«Майкрософт» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска каршы эмдөө алганын өзүнүн твиттер баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, 65 жашта экендиги COVID-19га каршы эмдөө алууга мүмкүнчүлүк берген. Ошондой эле ал эмдөөнүн биринчи дозасын ушул жумада алгандыгын, учурда абалы жакшы экендигин маалымдады. Планетанын эң бай адамдарынын бири адамзатына аталган вируска каршы эмдөө алууну мүмкүн кылган, вакцина иштеп чыгууга катышкан бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. Маалым болгондой, АКШда ковидге каршы эмдөөнү 65 жаштан жогору курактагы адамдарга беришүүдө.