Маймыл чечеги. Бельгия 21 күндүк карантин киргизди

20-майда Бельгияда маймыл чечегин жуктургандар үчүн милдеттүү түрдө 21 күндүк карантин киргизилген. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фрэнк Ванденбрук билдиргенин басылмалар жазышты.

«Маймыл чечек вирусун жуктуруп алгандар обочодо кармалышы керек», — деди ал. Оорулуулар менен байланышта болгондор 21 күндүк карантинге барбай, үч жума бою абалына (инкубациялык мезгил 5 күндөн 21 күнгө чейин) көз салып турушу керек. 

Басылма Бельгияда маймыл чечек оорусунун төртүнчү учуру табылганын билдирди. Бейтап Льеж провинциясынан келген адам болгон. Вирусолог Марк ван Рансттын айтымында, Бельгиядагы төртүнчү инфекция мурунку үч учур сыяктуу май айынын башында өткөн эл аралык гей фестивалы менен байланыштуу. 

Маймыл чечек оорусу Европада биринчи жолу Улуу Британияга Нигериядан барган кишиден аныкталган.